БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. 13-июнь, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.