2025-2026-окуу жылында балдарды мектепте кабыл алуу башка жылдарга караганда эмнеси менен өзгөчөлөнөт, электрондук каттоонун жүрүшү, убагында мектепке кире албаган балдар кандай жол менен кабыл алынары, электрондук каттоодогу ата-энелер кабылган техникалык көйгөйлөр жана окуу программалары тууралуу студиянын меймандары Гүлиза Көчөрбаева жана Гүлира Молдоисаева айтып берди. Быйыл жаңы билим берүү программасына ылайык, мектеп босогосун аттагандар 12 жыл окуйт. Ошондой эле 1-класстар мектепке даярдоо тайпаларынын программасы менен билим алат жана белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек.