Чыгармалары түшунүктүү, элестүү, терең философияны камтыган орус адабиятынын гана эмес, дүйнөлүк адабияттын залкары аталган Александр Сергеевич Пушкинди кимдер гана сүйүп окубайт. Канча заман алмашса да кудум кечээ жазылгандай жаштар чыгармаларын түшүнө алат. Себеби тили заманбап. Пушкинди орус тилинин реформатору деп аташат.
«Күн Башат» программасында 6-июнь улуу акындын туулган күнүнө карата Пушкиндин чыгармачылыгыгынын уникалдуулугунун, өзгөчөлүгүн, кыргыз адабиятындагы ордун, кыргыз жазуучуларына берген таасирин жана котормолору тууралуу кенен баарлаштык. Программанын мейманы Асел Асаналиеванын айтымында, Пушкиндин жомокторун балдар үчүн гана жазылган деп айтуу жаңылыштык. Ал чоңдорго арналган. Анткени анда турмуштук, тарбиялык мыкты сюжет камтылган. Бүгүн да анын чыгармаларына арналган изилдөөлөр жасалып, илимий макалалар жазылууда.