БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik.Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюктун Россия аймагында жаңы терактыларды даярдап жатканы тууралуу билдирүүсү террорчулукту моюндап, күнөөсүн мойнуна алуу десек болот. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Бул — күнөөсүн мойнуна алуу. Террордук уюм, улутчул идеологияны карманган кылмыштуу топ экенин толук моюндаганы деп билсек болот. Ишке ашыруу ыкмасы боюнча карасак да, албетте, аталган багытта. Каржылоосу чет жактан болуп жатканы да эл аралык террорчулукту көрсөтөт", — деди Захарова.