КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын XVIII жыйыны болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын XVIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-11-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышкан.
"Жыйында катышуучулар коопсуздукка коркунуч жараткан факторлорду жана алардын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Чек ара аймактарындагы терроризмге каршы кызматташуу, мыйзамсыз миграция жана каражаттарды алып өтүү каналдарына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү. Кыргыз делегациясы улуттук тажрыйба, мыйзамдык база жана радикалдашууга каршы аракеттер боюнча маалымат берди" — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.
ШКУну КМШга жакындатчу жаңы платформа иштелип чыгууда