Кыргызстанга Россиядан ондогон ири бизнесмен келди. Видео

Кыргызстанга ишкерлердин көп тармактуу миссиясынын алкагында Россиянын 40тай ири компаниясынын өкүлдөрү келди. Максаты — эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алаканы жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө.
Sputnik
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстанда россиялык ишкерлерди өнөр жай, айыл чарба, энергетика жана логистиканы кызыктыра турган тармактар деп сыпатташты.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов иш сапардын маанилүүлүгүн белгилеп, экономикалык багыттарды атады.

"Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышы боюнча Кытайдан кийин эле Россия турат. Азырынча 200 миллион долларга бир аз жетпей жатабыз, бирок бүгүнкүдөй жолугушуулар жыл аягына чейин биринчи орунга чыгууга мүмкүнчүлүк берет деген ишенимдемин", — деди дипломат.

Россиялык делегациянын сапары эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын көрсөтөрү белгиленди.
Тема боюнча:
Новиков: былтыр РКӨФ каржылаган компаниялар 320 млн. долларлык товар экспорттогон