БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Россия — биздин эзелки жакшы өнөктөшүбүз. Эки тараптуу соода байланыштын негизи болуп саналат. Былтыркы жылды эле алып карай турган болсок, товар жүгүртүү 14 пайызга өстү", — деди Сейитов.
Ал Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын кошумчалады.