БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Батыштын кысымында калган МАГАТЭ Украинанын Запорожье АЭСинде өзөктүк кооптуулук жаратып жана кишилерге коркунуч келтиргендигин коомчулук алдында ачык билдире албай турат. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтты.
"Батыштын кысымына туш болгон МАГАТЭ Украинанын өзөктүк коркунуч жаратып жана кишилерди кооптуулукка кептегендигин мурдагысындай эле айтууга батынбай келет. Ал тургай агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси биздин станцияга келген сапарында Украина армиясынын кол салуусуна күбө болгон", — деди Захарова брифингде.
Ал Россия Киев бийлигинин россиялык ЗАЭСке карата чагымчыл иштери боюнча МАГАТЭге мүчө мамлекеттерге агенттиктин директивалык органдарынын сессиясында улам кабарлап отуруп, баары бир жеткирерин белгиледи.