БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Билим берүү улуттук иденттүүлүктү сактап, маданият менен салттардын ар түрдүүлүгүн колдоого кызмат кылышы керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.
РФ лидери Казанда өтүп жаткан билим берүү министрлеринин "Келечекти аныктоо" эл аралык форумунун катышуучуларына кайрылуу жасаган.
"Өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн мектеп, колледж, университеттерди учурдагы жана келечектеги талуу маселелерди чечүүгө багытташыбыз керек. Мында улуттук иденттүүлүктү сактап, маданият менен салттардын ар түрдүүлүгүн колдоого кызмат кылышы маанилүү", — деди Путин.
Үчүнчү ирет өтүп жаткан форум Россиянын, Татарстандын Агартуу министрликтери тарабынан уюштурулду.