БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. НАТОнун мүчө мамлекеттердин армиясын кайрадан жабдуу, аскердик бюджетин көбөйтүү жана командалык структураларды реформалоо планынын түпкү максаты — Россия менен кагылышуу. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости жазды.
"Биз азыр күбө болуп жаткан машыгуулар, армияны жабдуу, аскердик бюджетти көбөйтүү, жаңы командачылыктарды түзүү аракеттери жалпысынан алып караганда Россия менен кагылышуу максатын көздөйт", — деген маектеш "Келечек форуму-2050" талкуусунун алкагында.
Дипломат НАТОнун Россия менен жаңжалдашууга даярдануусу реалдуулук экенин, дал ушул жагдай бүгүнкү күндө Москва менен альянс мүчөлөрүнүн алакасын аныктап жатканын белгилеген.
Акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТОнун катуу активдешип жатканын айтып келет. Альянс ишмердүүлүгүн күчөтүп, муну "Россияны ооздуктоо" деп атаган. Москва буга тынчсыздануусун көп ирет билдирген. РФ ТИМи Россия НАТО менен диалогго даяр экенин, бирок сүйлөшүү тең ата жүрүп, Батыш континентти милитаризациялоо ниетинен баш тартышы керектигин белгилеп келет.