Кыргызстандагы биргелешкен компаниялардын көбү россиялыктар менен ачылган

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1700 ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов россиялык көп тармактуу бизнес-миссиянын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында билдирди.
"Кыргызстанда Россиянын катышы бар 1700дөн ашык компания катталган. Бул — өлкө ичиндеги чет өлкөлүк компаниялардын арасындагы абсолюттук рекорд. Мындан тышкары, көптөгөн россиялык компаниялар республиканын бюджетинин ири салык төлөөчүлөрү болуп саналат", — деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекке жалпысынан 40 компаниянын өкүлдөрү келген. Анда Кыргызстандан чыккан продукция Россиянын региондорунда кеңири тарап жатканы белгиленди.
Кыргызстандан чыккан продукция Россиянын региондорунда кеңири тароодо