БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мал кармаган фермадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан улам 18 бука күйүп кеткен.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
"Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана үстүндөгү 2000 боо чөп, байлоодо турган 18 бука күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 15 буканы сактап калууга мүмкүн болгону кошумчаланды.