Радио

Эндокринолог: кант диабети майыптыкка чейин алып келет

Санжар Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эндокринология боюнча профессордук курстун ассистенти Назгүл Абылова кант диабети майыптыкка чейин алып келерин айтты.
Sputnik
Республикада кант диабети менен жабыркаган адамдардын саны 90 миңге жетет. Бул тууралуу Назгүл Абылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кант дибети симптомсуз бүт органдарды жабыркаткан олуттуу оору болуп саналат.
"Дүйнө жүзү боюнча ар сегизинчи киши кант диабети менен жабыркайт. Бул оору жугуштуу эмес болсо да кеңири тараган илдеттердин катарын толуктайт. Симптому жок эле бүт органды жабыркатат. Ошондуктан бейтаптар билбей жүрө беришет. Билгендери генетикага таянып, ооруга кайдыгер мамиле кылышат. Эгерде убагында аныктап жана дарыланбаса дарт майыптыкка чейин алып келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө кант диабети менен жабыркап, расмий катталгандардын саны 90 миңге жетет. Бирок мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени бизде бул ооруну аныктоо үчүн скрининг жок. Биз адам инфаркт, инсульт болуп ооруп калганда гана адамдын кант диабети менен жабыркай турганын билип жатабыз. Оорунун курчушуна учурда кыймылдын жоктугу, майлуу жана тез даярдалган тамактар, ошондой эле ашыкча салмак себеп болууда" , — деди Абылова.
Ал ошондой эле эндокриндик оорулардын ичинен калкан без ооруларынын (зоб) түрлөрү менен жабыркагандар дагы көбөйүп жатканын кошумчалады.