Ташиев Бишкектен 77 чек арачыга батирдин ачкычын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Мурас ордо" турак жай комплексинен 77 чек арачы батир алды. Бул тууралуу Мамлекттик чек ара кызматынан кабарлашты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мекен сакчыларына батирлердин ачкычын тапшырып жатып жакынкы жылдарда чек арачылардын баарына үй берилерин билдирген.
1 / 3

Бишкектеги "Мурас ордо" турак жай комплексинен 77 чек арачы батир алды

2 / 3

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мекен сакчыларына батирлердин ачкычын тапшырып жатып жакынкы жылдарда чек арачылардын баарына үй берилерин билдирген

3 / 3

Акыркы 5 жыл аралыгында өлкөдө 570тен ашык чек арачы жаңы батирлүү болгон

"Чек арачылар мындан ары батирден батирге көчүп, ар түрдүү үйдө, ар түрдүү шартта жашабайт. Баарыңарды жобо менен так иштөөгө милдеттендирем. Ким мыйзам бузса аял-эркек дебей, чоң-кичине кызматына карабай жоопкерчиликке тартылат", — деген Ташиев.
Акыркы 5 жыл аралыгында өлкөдө 570тен ашык чек арачы жаңы батирлүү болгон.
Мамлекеттик чек ара кызматы быйыл дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарынан ак өргөөлүү болорун, андан тышкары, жыл аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкектен батир аларын кошумчалады.
Президент чет өлкөдөгү дипломаттарга кызматтык батирлер сатып алынарын билдирди