Россия элчиси ЕАЭБдин артыкчылыктарын санап берди

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов ЕАЭБге мүчө болуунун артыкчылыктарын санап берди. Дипломат ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан россиялык ишкерлердин көп тармактуу миссиясына катышууда.
"ЕАЭБде соода, санарип, энергетикалык, транспорт мейкиндиги орток. Мүчө мамлекеттер ушул жалпылыктан туруп мамиле курууда. Мындай жагдай соода жүгүртүүнү, байланыш түзүүнү жеңилдетет", — деди Вакунов.
Элчи биримдиктин дагы бир артыкчылыгы катары бизнес-өкүлдөр евразиялык финансы институттары тарабынан колдоого алынып жатканын белгиледи. Мында өзгөчө логистиканы жолго коюу боюнча долбоорлорго жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 22%га жетти