БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлгө Россиядан экологиялык катерлерди алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан россиялык ишкерлердин көп тармактуу миссиясында "Надежные инвестиции" компаниясы менен Ысык-Көлдүн жетекчилиги тиешелүү келишим түзгөнүн айтты.
"Бул Ысык-Көл үчүн биринчи экологиялык, транспорттук долбоор болуп калмакчы. Биз үчүн да чоң сыймык, анткени бул келишимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөктөш катары катышууда", — деди Новиков.
Уюмдун жетекчиси мындай долбоорлор экологияны коргоо жана туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.