БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас өрөөнүндө 27…32, Ош, Жалал-Абад аймактарында 27…32, Баткенде 26…31, Ысык-Көл жеринде 19…24, Нарын чөлкөмүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарында 29…31 градуска жетет.