Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон. Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Токтомдун чоо жайы жана жерге мунапыс берүү ишинин процесси, тийиштүү маселелер тууралуу “Ачык Кеп” программасынын мейманы Чыңгыз Кемелбековго суроо берип, жооп ала алдык.