Кыргызстандык режиссер Сочиде сүйүү тууралуу өзгөчө тасма тартуулады. Видео

Сүйүү жана жан дүйнөнүн өзгөрүшү тууралуу баян — кыргызстандык режиссер Саадат Казакбаеванын "Күүгүмдөгү коңгуроо" тасмасы "Евразия–Кинфест" эл аралык фестивалында жылуу кабыл алынды.
Sputnik
Режиссер Саадат Казакбаева "Евразия-Кинофест" жакшы тажрыйба болгонун айтты.
"Чынын айтсам, абдан толкундандым, азыр баары жакшы. Бул жерде чыгармачылык атмосфера, кеңири масштаб... Эч ким сени жаңы, тажрыйбасы жок адам дебейт, баары бири-бирин сыйлайт", — деди Казакбаева.
Анын "Күүгүмдөгү коңгуроо" тасмасы сүйүүгө чалдыгып өмүрү өзгөргөн улгайган өтүкчү тууралуу баяндайт. Кино жалгыздык, үмүт жана бакыт тууралуу темаларды козгойт.
Тасма көрүүчүлөрдүн, сынчы жана режиссерлордун мактоосуна татып, автор бул иш-чара ага шык бергенин белгиледи.
Тема боюнча:
Кыргыз режиссёрунун тасмасы Сочидеги "Евразия-Кинофестте" көрсөтүлдү