Аламүдүндө "Пушкин балы" өтүп, жаштар 19-кылымды чагылдырышты

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунда Александр Пушкиндин 226 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Пушкин балы" маданий иш-чарасы "Евразия" уюмунун гранттык колдоосу менен "Биримдикте болсок – күчтүүбүз" долбоорунун алкагында уюштурулду.
1 / 3

Аламүдүн районунда Александр Пушкиндин 226 жылдыгына арналган иш-чара өттү

2 / 3

Маалыматка ылайык, "Пушкин балы" маданий иш-чарасы "Евразия" уюмунун гранттык колдоосу менен "Биримдикте болсок – күчтүүбүз" долбоорунун алкагында уюштурулду

3 / 3

Катышуучулар 19-кылымдын атмосферасын чагылдырып, вальс бийлешти. Ошондой эле Пушкиндин ырларын жана чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуу боюнча сынак өттү.

Катышуучулар 19-кылымдын атмосферасын чагылдырып, вальс бийлешти. Ошондой эле Пушкиндин ырларын жана чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуу боюнча сынак өттү.
Долбоордун жетекчиси Софья Говязина мындай иш-чаралар жаштар арасында классикалык адабиятты жайылтууда жана маданий мураска болгон сый-урматты калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгилеген.
КРСУда Орус тили күнү жана Пушкиндин 226 жылдыгы белгиленди. Видео