Сочиде өнөрүн тартуулаган кыргызстандык режиссерлор. Видео

"Эсимде" фильми Россияда өтүп жаткан "Евразия-Кинофест" иш-чарасынын бир бөлүгү болуп калды. Эки кыргызстандык режиссердун колунан чыккан эмгекте Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар чагылдырылып, авторлор өз көз карашын берүүгө аракет кылышкан.
Sputnik
Фестивалга катышып жаткан режиссерлордун бири Элзар Кадырматов Улуу Ата Мекендик согуш темасы дайым кызыгуу жаратып келгенин белгиледи.
"Менин бабам согушка катышкан. Аскердик формасын кийгенде көз карашы да өзгөрүп калар эле, мени ушул көз карашы сүрдөтчү", — деди ал.
"Евразия-Кинофест" 26 мамлекеттин кино ишмерлеринин башын бириктирди.
"Кыргызстанда таланттуу жаштар арбын, мындай аянтчалар бизге өнүгүүгө, өзүбүздү көрсөтүп, башка мамлекеттерден келген катышуучуларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Арзыматов.
Тема боюнча:
Кыргызстандык режиссер Сочиде сүйүү тууралуу өзгөчө тасма тартуулады. Видео