БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде "КМШ+" деп аталган жаңы платформаны иштеп чыгуу аракеттери башталды. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер да катышмакчы.
Sputnik Ближнее зарубежье "Известия" басылмасына таянып, аталган бирикменин Аткаруу комитетинин саясий, гуманитардык жана социалдык жааттагы кызматташуу боюнча департаментинин директору Андрей Сазоновдун айткандарын келтирген.
Бул демилге КМШга мүчө болбогон мамлекеттерди аталган бирикмеге тартуу үчүн көтөрүлүп жатат.
Сазонов платформа КМШ деңгээлинде гана эмес, ШКУдагы өнөктөштөр менен да диалог курууну карай тургандыгына, бул кызматташуу мүмкүнчүлүгүн арттырарына токтолгон.
Беларусь саясат таануучусу Алексей Дзермант эки уюмдун ар кыл тармактагы жалпылыктары көп экендигин айткан. Алардын бири катары террорчулук жана баңгизат соодасына каршы күрөш экенин белгилеген.
Дзермант Пакистан, Индия жана Иран "КМШ+тан" пайда таба алышы мүмкүндүгүн, гуманитардык жана маданий маселелерде күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү экендигин белгилеген. Интеграция, тагыраагы, Кытайга пайдалуу болорун кошумчалаган.