Радио

"Салык сервис" мекемеси 40тай маалыматтык системаны ишке ашырып жатат

Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык сервис" мекемесинин директору Шамшыбек Качкынбай уулу учурда салык тутумдарын натыйжалуу башкаруу үчүн заманбап мамлекеттик программалык продукцияларды иштеп чыгуу жана колдоо абдан маанилүү экенин айтты.
Sputnik
"Салык сервис" мекемеси 40тан ашык маалыматтык системаны, 150дөн ашык вариативдик модулдарды ишке ашырып жатат. Бул кадамдар салыктык санариптик экосистеманы түзүп, салык төлөөчүлөргө бир топ жеңилдиктерди берерин Шамшыбек Качкынбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санариптик чечимдердин натыйжасында акыркы үч жылда салыктык жыйымдардын көлөмү өстү.
"Салык сервис" мекемеси 2022-жылдан бери иштеп, маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо менен алектенет. Учурда салык тутумдарын натыйжалуу башкаруу абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө "Салык сервис" 40тан ашык маалыматтык системаны, 150дөн ашык вариативдик модулдарды ишке ашырып жатат. Бул кадамдар салыктык санариптик экосистеманы түзүп, салык төлөөчүлөргө бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Биздин жогорку квалификациялуу IT-адистерибиз жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүп, колдонуучулар үчүн ыңгайлуу продукция даярдап келишет", — деди Качкынбай уулу.
Ошондой эле ал акыркы жылдары элдин салык төлөө маданияты жакшырып, жаңы санариптик чечимдерди талап кылып жаткандыгы жакшы көрсөткүч экенин кошумчалады.