БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Марко Рютте уюмга мүчө мамлекеттер аскердик чыгымга ИДПнын 5 пайызын коротпосо орус тилин үйрөнүшү керек болорун айтты. Бул туурасында РИА Новости Telegraph басылмасына шилтеме кылып жазды.
Альянстын башчысы мындай билдирүүнү Лондон шаарында жасаган.
"Эгерде милитаризацияга кеткен чыгымды 5 пайызга чейин, анын ичинде 3,5 пайызын коргонуу чыгымдарына көбөйтпөсөңөр, саламаттык сактоо, пенсиялык системаны сактап каласыңар. Бирок орус тилин үйрөнүүгө туура келет. Мына ушундай кесепеттер болушу мүмкүн", — деген баш катчы.
Рютте НАТО өлкөлөрүн социалдык тармакка кеткен чыгымдардын эсебинен куралданууга каражат бөлүүгө чакырып, Россия, Кытай тараптан кооптуулук келет деген пикирин бир нече ирет айткан. Жакында эле коргонууга кеткен чыгымды ИДПдан эки эмес, үч жарым пайызга көтөрүүнү сунуштаган. Дагы бир жарым пайызды коопсуздукка байланышкан инфраструктура, аскердик өнөр жай жана башка инвестицияга кароону айткан.
Россия соңку жылдары НАТОнун батыш чек араларда болуп көрбөгөндөй активдүүлүгүн белгилеп келет. Альянс демилгесин арттырып, мунун себебин "россиялык агрессияны токтотуу" деп атап алган. Москва блоктун күчүн арттырып жатканын кооптуу экенин айтып-деп келет.
Буга чейин Россия лидери Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда РФ НАТО өлкөлөрүнө кол салууга умтулбай тургандыгын, анын мааниси деле жоктугун белгилеген эле. Президенттин айтымында, батыш саясатчылары калкын Россия кол салат деген имиштерди айтып, маал-маалы менен коркутуп турат, бул элди ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн жасалат. Путин акыл-эси бар кишилер бул жалган экенин түшүнөрүн кошумчалаган.