Кыргызстан менен Россиянын ИИМдери баңгиликке каршы кызматташууну күчөтөт

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Россиянын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, делегацияны Россия ИИМинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Бузан жетектеп келген.
Жолугушууда Абдиев эки өлкөнүн ортосундагы баңгиликке каршы күрөш жогорку деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи. Ал синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын интернет аркылуу таралышына байланыштуу баңги коркунучунун өсүп жатканын эске алып, бул багытта кызматташууну улантуу зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле Россиядагы мигранттардын арасында баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды күчөтүү маселеси да каралды.
УКМК: Россиядан баңгизат алып келип, Өзбекстанга сатууну көздөгөндөр кармалды