Ошто 5 көрүстөн рекультивацияланып, сөөктөр башка мүрзөгө которулуп коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ош шаарында мусулмандардын беш көрүстөнү рекультивацияланып, ал жердеги сөөктөр башка мүрзөгө которулуп коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин 60-70 жыл мурда жабылган көрүстөндөрдү рекультивациялап, башка жерге которуу тапшырмасына ылайык жүргүзүлгөнү айтылды. Рекультвация болгон беш көрүстөн жалпысынан 10 гектар аянтты ээлеп турганы айтылды.
Мэрия учурда 4 гектар аянтты ээлеген "Хохлово" христиан көрүстөнүн рекультивациялап жатканын кошумчалады.
Радио
Өмүрзаков: көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу арзан болбошу керек