БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 500 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрлик "Алтын балалык" борборунда жалпысынан быйыл 1200 баланы эс алдыруу пландалганын, алардын ичинен 200ү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер экенин белгиледи.
"Жайкы эс алууну уюштурууга 15 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары, февралга чейин 600 майып балага президенттин резервдик фондунан колдоо көрсөтүлгөн", — деди балдарды узатып жатып министр Равшанбек Сабиров.
Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталганы белгиленди.