БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстан көп жыл мурда токтоп калган беде үрөнүнүн экспортун жандандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи партия менен 40 тонна үрөн Россияга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.
"Бул өлкөдө да мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сапаттуу тоютка суроо-талап жогору болууда", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан беде өстүрүүгө бардык жагынан ылайыктуу. Анын үрөнүн экспорттоо дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн агрардык потенциалын күчөтүп, өлкөнү дүйнөлүк рынокто ишенимдүү айыл чарба өндүрүүчү катары таанытууга өбөлгө түзөт.