Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан

Sputnik
Жекшен Карамолдоев 18 жашында 1938-жылы армияга чакырылат. Согушка барарда кесипке ээ болгондуктан, жогорку билимдүү катары атайын даярдыктан өтүп, кенже лейтенант наамы менен Улуу Ата Мекендик согушка взводдун командири катары согушат. Үч жолу жараат алат. Воронеж салгылашуусунан алган жараты үчүн үч ай эсине келбей госпиталда жатат. Ошол учурда ата-энесине “кара кагаз” барат. Арадан эки ай өтүп, улуунун күйүтүнө чыдабай апасы каза болуп, андан туура бир айдан кийин Жекшен Карамолдоев ээсине келип, жараат алганы тууралуу үйүнө кат жазган экен. Атасынын ушундай кызык жагдайлары тууралуу мейманыбыз Жумакадыр Карамолдоев айтып берди.