Өлкөдө быйыл мектептерди жалпы 215 миң окуучу аяктады. Анын ичинен 11-классты80 миң 540 окуучу, ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу бүтүрдү. Эми ЖРТдан өткөн окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. 9-классты бүткөндөр же ЖРТ тестинен өтпөй калгандар кесиптик лицейлерге жана колледждерге тапшырса болот. Учурда кээ бири кайсы кесипти аркаларына мурдатан эле тандоо жасап коюшкан. Башкалары билим албай эле чет өлкөгө чыгып кетүүгө кызыкдар. Айрымдары кайсы окууга окуйм, кайсы кесипти тандасам экен деп ойлонуп жаткан чагы.
"Күн башат" берүүсүнүн алкагында кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин, жогорку окуу жайлар сунуштап жаткан программалар эмгек рыногунун талабына канчалык шайкеш келерин жана азыркы тапта эмгек рыногунда кайсы кесипке суроо-талап күч болуп жатканын программанын коноктору кеп кылды.