Жыл башынан тарта рубль долларга карата кандай бекемделди. Инфографика

Sputnik
Россия рубли 2025-жылдын башында дүйнөдөгү эң мыкты валюта болуп калды, аны Bank of America моюнга алды. Бул темага кайрылган Sputnik Ближнее зарубежье инвестиция тармагындагы эксперт Дмитрий Целищевди кепке тарткан.

Мындай оң көрсөткүчкө эмнелер себеп болду?

Целищев рублди бекемдеп турган негизги факторлорду айтып берген. Булар — күчтүү соода балансы жана чет элдик валютага салыштырмалуу орточо деңгээлдеги суроо-талап.
Негизги коюмдун 21 пайыздан 20га түшүрүлүшү — бул жумшагыраак, ийкемдүүрөөк саясатка өтүүнүн белгиси экени айтылган.
Өтө өзгөрүп кетпеген инфляция жылдык көрсөткүчтөн алганда 6–6,5 пайыз, демек, пайыздык коюмдар реалдуу деңгээлде. Бул рублди тиешелүү көрсөткүчтө кармап, төмөндөп кетишине жол бербейт.
"Эгер сырттан эле кескин өзгөртүп жибере турган терс өбөлгөлөр — мунай баасынын түшүп кетиши, санкциялар күчөбөсө, анда рубль жакынкы мезгилдери долларга карата 78–84 чамасында калат. Орто мөөнөттө курс 85-90 рублдин деңгээлине жогорулашы ыктымал", — деп эксперт божомолдору менен бөлүшкөн.