Бишкекте "Музейлер альянсы: Евразия демилгеси" аттуу эл аралык саммит өттү

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкекте "Музейлер альянсы: Евразия демилгеси" аттуу эл аралык саммит өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Улуттук тарых музейинде болгон иш-чара Музейлердин эл аралык кеңешинин (ICOM) демилгеси менен уюштурулду.
Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана Кения, БАЭ, Россия, Индия сыяктуу 11 мамлекеттин музей өкүлдөрү катышты.
Саммитте катышуучулар өздөрүнүн ийгиликтүү долбоорлору жана жаңы демилгелери менен бөлүштү, бул өлкөнүн музей тармагын дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоого өбөлгө түздү.
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта музей ачылды