БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасы өзгөрдү. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 30-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Аралыктан жана электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Бул боюнча чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
Мандаты алынган депутаттардын ордуна шайлоо өткөрүлбөйт.