Балыкчы — Кочкор темир жолу 9 млрд. 472 млн. сомго курулары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун болжолдуу наркы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз темир жолу" ишканасынын иши менен таанышып жатканда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөргөн.
Алгач депутаттар Бишкек-2 — Балыкчы поезди менен Ысык-Көлгө барып, Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушун көрүшкөн.
Ишкананын жетекчиси Азамат Сакиевдин айтымында, учурда темир жолдун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн 30-чакырымынан 44-чакырымына чейин суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат.
"Мындан тышкары, 37 чакырым аралыкта жолдун үстүңкү курулушу бүткөрүлүп, 38-чакырымына балласт, рельс жана шпалдарды жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө. 63 чакырым узундуктагы Балыкчы — Кочкор темир жолун куруунун болжолдуу баасы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу 2022-жылы мартта башталган. Аны "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражаты менен куруп жатканы айтылган болчу.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Видео