РКӨФ Кыргызстандагы 6 кинотеатрды реконструкциялоого 1,5 млн. доллар бөлөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) төрт шаардык жана эки айылдык кинотеатрды реконструкциялоого 1,5 миллион доллар бөлөт.
Каржылоо боюнча келишим "Атлант Синема" ЖЧКсы менен түзүлдү. Алгач Чолпон-Ата шаарындагы 250 орундуу кинотеатр оңдолот. Ошондой эле Кербен, Баткен, Токмок шаарларындагы, Араван жана Беловодское айылдарындагы кинотеатрлар калыбына келтирилет.
РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашып жатканын белгиледи. Анын айтымында, демилге аймактардагы маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган, анткени бул жерлерде заманбап кинотеатрлар жок.
"Бишкек менен Оштон айырмаланып райондук борборлордун жана айылдардын тургундары сапаттуу тасмаларды көрө алышпайт. Реконструкция абалды өзгөртүп, көңүл ачуу мүмкүнчүлүктөрү кеңеет", — деди Новиков.
Куланак ГЭСи кандай курулуп жатканы көрсөтүлдү. Видео