Экс-депутат Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.
Маалымат булактар билдиргендей, ал Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүндөгү жер маселесине байланыштуу кармалган.
Экс-депутат аталган айылда туулуп, 2005-2010-жылдары айыл өкмөттү жетектеген.
Эскерте кетсек, Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарына депутат болгон.
Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга айыпталып кармалды