Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жумушунан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Айгүл Калчакеева дайындалганы белгилүү болду.
Алмазбек Акматалиев бул кызматка 2018-жылы келген.
Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды