БИШКЕК, 9 июн. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү АКШ Украинага жөнөткөн Abrams танкаларынын дээрлик бардыгын жок кылып, болгону бешөө калды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
2023-жылдын январында АКШнын ошол кездеги президенти Жозеф Байден Украинага алардын өндүрүшүнөн чыккан 31 М1 Abrams берилгенин жар салган.
РИА Новостинин эсептөөлөрүнө таянсак, 2024-жылдын февралынан тарта Россия армиясы 26 Abrams танкасын талкалаган. Биринчи бутага бул кубаттуу техниканы "Центр" тобунун аскерлери былтыр 26-февралда Авдеев багытындагы согушта алган. Анткен менен айбаттуу танкага украиналык аскерийлердин өздөрүнүн ичи чыкпаганы туурасында да айтылган.
Abrams — АКШнын согуштук негизги танкасы. Аны чыгаруу 1980-жылдын 28-февралында башталган. Убакыттын өтүшү менен бир нече жолу жаңыртылган. 2020-жылы АКШ армиясы жаңыланган M1A2 SEP V3 моделин алып, өзгөчөлүгү Trophy деп аталган активдүү коргонуу комплекси экени айтылган. Ал душмандын ок-дарысын радар жана атайын элементтер менен таап, жок кыла алат.