Россиядагы мигранттардын которгон акчасынын көлөмү рекорддук чекке жетти

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Январь-апрель аралыгында сырттан которулган каражаттын көлөмү 1 миллиард 68 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен 1 миллиард 710 миң доллары Россиядан келген.
Буга чейин Россиядан жылдын алгачкы төрт айындагы акча которуу боюнча рекорд былтыр катталып, 857 миллион 200 миң долларды түзгөн.
30-майдан тарта Россияда акча которуу тартиби өзгөрөт. Инфографика