Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга барат

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сапардын алкагында ал 10-июнда Ташкентте өтө турган эл аралык инвестициялык форумга катышат.
Ошондой эле Касымалиев бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
Министрлер кабинети “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясын түздү