ЕАЭБ өлкөлөрү Өзбекстан Республикасы менен кызматташтык байланыштарын жигердүү өнүктүрүүдө. Машина куруу, авиациялык, химиялык жана жеңил өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлор келечектүү болушу мүмкүн. ЕАЭБ өлкөлөрү да, Өзбекстан да аларды ишке ашырууга жана бул тармактарда өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экени буга чейинки ЕАЭБдин жыйынында айтылган.
Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өндүрүш, кооперациялардын мааниси жана ЕАЭБ менен Өзбекстандын кызматташтыгы тууралуу айтып берди.