Соодагерлер үчүн патент кайтарылат — ККМ эмне болот?

Sputnik
Республикада соода менен алектенгендер үчүн патент кайра кайтарылганы жатат. Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, ал Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Буга чейин чакан жана орто бизнес менен алектенгендерде патент жоюлуп, контролдук-кассалык машина менен иштөөгө өткөрүлгөн болчу. Эми патент кайтарылса, анын чени "Дордой", "Кара-Суу" базарларындагыдай, акча жүгүртүүсүнө жараша болот. Ал көп болсо, патенттин чени да көбүрөөк, аз болсо, азыраак болот. Ал эми базардан тышкары дүкөндөр боюнча соода аянтчасына жараша болушу мүмкүн. Мурда да ушундай болчу.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов маалымдады. Анын айтымында, соода менен алектенгендерге тандоо мүмкүнчүлүгү болуп, кааласа патент же ККМ менен иштей алат.