Өлкөдө 90 миң адам кант диабети менен жабыркайт — эндокриндик ооруларды кантип алдын алууга болот?

Sputnik
Эндокринология организмдин ар кандай функцияларын жөнгө салуучу гормондорду чыгаруучу бездерди камтыган эндокриндик системаны изилдөө жана башкаруу менен алектенген тармак. Эндокринологдор кант диабети, калкан безинин бузулушу, гормоналдык дисбаланс жана бөйрөк үстүндөгү бездердин көйгөйлөрү сыяктуу эндокриндик ооруларды аныктайт жана дарылайт.
Дүйнө боюнча ар бир сегизинчи киши кант диабети менен жабыркайт. Бул жугуштуу оору эмес болсо дагы, көп тараган дарттардын катарын толуктайт. Дароо аныкталбаса жана дарыланбаса майыптыкка чейин алып келет. Өлкөдө кант диабети менен жабыркап, расмий катталгандардын саны 90 миң адамды түзөт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова маалымдады.