БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Москва Киевден аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү процессинин болорун расмий күтүп жатат. Бул туурасында Россиянын сүйлөшүү тобунун өкүлү, генерал-лейтенант Александр Зорин билдиргенин РИА Новости билдирди.
Россия Стамбул макулдашуусунун негизинде алмаша турган жерге Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин сөөгүн алып келген.
Россия Стамбул макулдашуусунун негизинде алмаша турган жерге Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин сөөгүн алып келген.
Алардын сөөгү салынган поезд бүгүн жолго чыгат. Москва Киевге алты миң маркумду кайтарып берүүгө даяр. Аларды авто жана темир жол аркылуу өткөрүп берүүнү пландап жатышат. Бул процессти келерки аптага которуларын да айтышууда.
Россиянын Коргоо министрлигинен Украинага аскерлердин өлүктөрүн кайтарып берүү гуманитардык акция экендигин, эч кандай саясий негиз жоктугун белгилешти.