Сый акы бар. ИИМ мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги элди мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырды.
Учурда милиция кызматкерлери курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертилип, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
"Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 100 000 сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган. Эгер өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандарга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралганы кошумчаланды.
Ажатканада тапанчасын унутуп кеткен милиция кызматкерине иш козголду