9-июнга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн тоолуу аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас өрөөнүндө 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37 болорун билдирди. Ал эми Ысык-Көл жергесинде 24…29, Нарын чөлкөмүндө 26…31 градуска чыгат.
Күндүн табы Бишкекте 34…36, Ош шаарында 33…35 градустун тегерегинде болору айтылды.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу