БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу айтканы боюнча Бундестагдын төрагасына жана андагы беш фракциянын лидерлерине кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мерц АКШ президенти Дональд Трамп менен биргелешкен маалымат жыйынында Европадагы согушту англо-америкалык аскерлер токтоткон деп, СССРдин чечүүчү ролун айткан эмес.
Буга байланыштуу Володин Мерцти Бундестагга чакырып Рейхстагдын дубалдарындагы жазуулар менен тааныштыруу керектигин белгилеген.
"Жазуулар кимдин колу менен жана кайсы тилде жазылганын өз көзү менен көрсүн. Саясатчылардын көп нерсесин кечирсе болот, бирок нацизмди жеңүү үчүн өмүрүн бергендердин элесин тебелөөгө жол берилбейт", — деген Володин.
Ошондой эле Володин Мерцти Украинанын бийлигин ачык колдогону үчүн сынга алды. Анын айтымында, Германиянын азыркы бийлиги кырдаалды курчутуп, Москва менен Берлинди тирешүүгө жеткире турган шарттарды түзүүдө.