Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина байланышка чыкпай, аскерлердин сөөгүн өткөрүү акциясы ишке ашпай калды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украиналык аскерлердин сөөгүн өткөрүп берүү жана туткундарды алмаштыруу акциясы ишке ашкан жок. Бул тууралуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Александр Зорин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Тилекке каршы, украин тараптан эч ким байланышка чыккан жок. Биз азыр болсо да иштөөгө даярбыз", — деди ал.

Зориндин айтымында, Россия Украина менен туткундарды алмашуу кийинки жумага жылдырылганы тууралуу маалыматтарды ЖМКлардан көрүп жатат жана бул боюнча расмий билдирүүнү күтүүдө.
Бүгүн РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөр боюнча делегациянын башчысы Владимир Мединский Киев Стамбул келишимдерин бузуп, сөөктөрдү кабыл алууну жана согуш туткундарын алмашууну белгисиз мөөнөткө жылдырганын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ооз ачпаганы жакшы эле". Трамп Зеленский тууралуу кескин айтты