Бишкекте "Тоскоолдуксуз маданият" аттуу концерт өттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК,6-июн. — Sputnik. Бүгүн, 6-июнда, Бишкекте "Тоскоолдуксуз маданият" аттуу концерт өттү. Бул туурасында Россиянын Бишкектеги илим жана маданий (“Русский дом”) борборунан кабарлашты.
Улуттук филармонияда уюштурулган концерт Орус тилинин күнүнө жана Элдик дипломатиянын 100 жылдына арналды. Ага "Россиянын улуттук казынасы" наамынын ээси Ирина Крутова жана Л.Зыкина атындагы Мамлекеттик академиялык орус эл ансамблинин солисттеринин квинтети катышты.
Көрүүчүлөргө орус романстары, Александр Пушкиндин ырлары, элдик ырлар менен бирге жеңиш ырлары тартууланды.
КРСУда Орус тили күнү жана Пушкиндин 226 жылдыгы белгиленди. Видео