Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Украина Россияга аны бомбалап салууга жол ачты

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украина Россияга аны бомбалап салууга жол ачып берди. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кечээ кечинде Украина Путинге аларды бомбалап салууга негиз берди. Бул мага жакты. Мен муну көргөндө "мына, азыр эми сокку болот" дедим", — деген Трамп.
Трамптын дагы башка айткандарынан:
Трамп Россия Украина менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотпойт деп үмүт кылат;
Америка лидери абал өзөктүк согушка айланып кетиши мүмкүн деп кооптонууда;
президент Конгрессте Москвага каршы даярдалган санкцияларды жумшартууну Сенаттан өтүнгөн эмес, ал эми жаңы чектөөлөрдү киргизүү алардын чечими бойдон калат.
Шаршемби күнү кечинде Россия менен АКШ президенттери бир сааттан ашык телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анда бир катар талкуулардын ичинде Стамбулдагы сүйлөшүүлөр менен Укриананын Куралдуу күчтөрүнүн Россиядагы аэродромдорго соккусу тууралуу да кеп болгон. Трамп киевдик режим мындай пландары тууралуу аны кабардар кылышпаганын белгилеген. Путин Москва Украинанын соккусун жоопсуз калтырбай турганын айткан.
Өткөн жекшембиде Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү беш аймактагы аэродромго FPV-дрондор менен террористтик чабуул жасаганын маалымдаган. Ивановская, Рязань жана Амур облустарында каршылаштардын бардык чабуулдарынын мизи кайтарылган. Мурманск, Иркутск облустарындагы объектилердеги өрт өчүрүлүп, чабуулдан жабыркагандар катталган эмес. Ага катыштыгы бар айрым адамдар кармалды.
Зеленский россиялык аэродромдорго жасалган террордук чабуулдардын жоопкерчилигин өзүнө алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп туура кылат. АКШ президентинин экс-жардамчысы Украина боюнча чакырык салды